Редакцияот 07.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 7-декабры № 704-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан К.Т. Осмоналиевди бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 2-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Осмоналиев Камиль Турдубековичтин ѳз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотуу жөнүндө арызы эске алынсын.

2. Ѳз каалоосу боюнча жазуу жүзүндө берилген арызына ылайык 2022-жылдын 23-сентябрынан тартып кызмат ордунан бошотуу менен Осмоналиев Камиль Турдубековичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

Төраганын орун басары

 

Н.А. Азыгалиев