Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
2018-жылдын 20-марты ПЖ № 61
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2013-жылдын 14-майындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлгөн.
2013-2017-жылдар мезгилинде аталган жумушчу топтун ишинин натыйжасында:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен бирдикте инновациялык технологияларды (анын ичинде биометрикалык маалыматтардын негизинде) колдонуу менен Шайлоо процессинин модели иштелип чыгып, кийин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2014-жылдын 25-апрелиндеги чечими менен бекитилген;
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш бекиткен инновациялык технологияларды (анын ичинде биометрикалык маалыматтардын негизинде) колдонуу менен Шайлоо процессинин моделинин негизинде Кыргыз Республикасынын бардык деңгээлдеги шайлоолору жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө мыйзамдары иштелип чыгып, кийин алар 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо, 2016-жылдын 11-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө), 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо ийгиликтүү апробацияланган. 2015-2017-жылдардагы шайлоолордун жана референдумдун натыйжаларына ишенимдин кыйла жогору деңгээли жумушчу топтун катышуусунда иштелип чыккан шайлоо мыйзамдарынын новеллаларын ийгиликтүү апробациялоонун индикатору болуп калды.
Ошону менен бирге шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү процесси улантылышы керек. Тактап айтканда, жумушчу топтун шайлоочуларды сатып алууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгүнүн кепилдигин камсыз кылууга багытталган демилгелери жүзөгө ашырылышы керек.
Жарандын шайлануучу кызмат орундарына өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү укугун (пассивдүү шайлоо укугун) камсыз кылуу, үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин өркүндөтүү, жарандардын шайлоо жана шайлоого катышуучу талапкерлер жөнүндө маалыматты алуусу, жеке маалыматтарды коргоо жана маалыматтык коопсуздук, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын өлкөнүн башка мыйзамдары менен шайкеш келтирүү маселелери да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин бардык бутактарынын көңүл буруусун талап кылат.
Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүүнүн зарылдыгын көңүлгө алып, ошондой эле жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн кызматтык абалы өзгөргөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "шайлоо системасын" деген сөздөр "шайлоо мыйзамдарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлыктын тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Жумушчу топ 2018-жылдын 1-июлунан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке киргизсин: