Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 18-апрелиндеги № 262
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 5-августундагы № 492
Жергиликтүү соттордун кызматтык жайлары үчүн
нормативдерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 «Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, жарандардын сот адилеттүүлүгүнө ээ болуусун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторун материалдык-техникалык жабдууну жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кызматтык жайлары үчүн тиркелген нормативдер бекитилсин.
2. Жергиликтүү соттордун имараттарын долбоорлоо жана куруу ушул токтомдо бекитилген нормативдерге ылайык жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 492 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кызматтык
жайлары үчүн нормативдер
Райондук (шаардык) соттордун имараттарындагы жайлардын аянты жана курамы соттун курамынын, же сот заседаниелеринин залдарынын аныкталган санынын жана арналышынын (жарандык же жазык иштерин угуу үчүн) негизинде аныкталат.