Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №518 токтому менен бекитилген |
Эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Имараттарды жана курулмаларды эски, авариялык жана жашоого жараксыз категорияга киргизүү критерийлери
III. Имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде турак үйлөрдү эски, авариялык абалдагы, пайдаланууга жана жашоого жараксыз категорияга киргизүү тартиби
IV. Эски, авариялык абалдагы, жашоого жараксыз имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби
V. Каржылоо булактары
VI. Корутунду
1 тиркеме. Турак жайдын такай жашоого жарактуулугун (жараксыздыгын) таануу жөнүндө корутунду
2 тиркеме. Имаратты текшерүү актысы
I. Жалпы жоболор
1. Эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жобо:
- мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинин түрүнө карабастан эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу боюнча өз ара иштешүүлөрүн жөнгө салат;
- имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде турак үйлөрдү эски, авариялык абалдагы, жашоого жана пайдаланууга мүмкүн эмес категорияга киргизүүнүн критерийлерин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул жободо пайдаланылчу түшүнүктөр жана терминдер:
турак жай фонду - менчигинин түрүнө карабастан турак үйлөрдү, атайын үйлөрдү (жатаканалар, мейманканалар-баш маана кылуучу жайлар, жалгыз бой карылар үчүн үйлөр, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн, ардагерлер үчүн интернат үйлөр жана башкалар), квартираларды, кызматтык турак жайларды жана жашоого мүмкүн болгон башка курулмалардагы бөлөк турак жайларды камтыган бардык турак жайлардын жыйындысы;
турак имарат - адамдардын туруктуу жашоосуна арналган имарат;
турак жай - адамдардын жашоосу үчүн арналып, кыймылсыз мүлк болуп саналган, өзүнчө бөлөк жай;
турак үй - бөлмөлөрдөн жана адамдардын жашоосуна байланыштуу алардын тиричилик жана башка керектөөлөрүн канааттандырууга арналган кошумча пайдаланылчу жайлардан турган өзүнчө имарат;