Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 10-сентябры № 566
Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 418, 2015-жылдын 27-январы № 26, 2015-жылдын 23-октябры № 730, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын администрациялык-аймактык бирдигинин курамында турган, айылдардын жана шаарчалардын жергиликтүү маанидеги маселелерин оперативдүү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесине, "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаарлардын мэриялары шаардык кеңештердин макулдугу менен № 1 тиркемеге ылайык шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзө ала тургандыгы белгиленсин.
2. Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарынын аппараттарын күтүү шаардык жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине бир айлык мөөнөттө Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктары жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу жана республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирүү, анда айылдардын калкынын жашоо-турмушунун маселелерин чечүү боюнча шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарынын ыйгарым укуктарын караштыруу сунушталсын.
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
7. КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-январы № 26 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 230 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.