Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 10-сентябры № 567
Камбарата ГЭС-2де курулмаларды даярдоо жана ири масштабдагы жардыруу жүргүзүү жөнүндө
Камбарата ГЭС-2де тосмо куруу үчүн ири масштабдагы жардырууну даярдоого жана жүргүзүүгө байланышкан маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну даярдоо жана жүргүзүү боюнча штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну даярдоо жана жүргүзүү боюнча штаб (мындан ары - Штаб) жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги "Электр станциялары" жана "Нарынгидроэнергкурулуш" ачык акционердик коомдору менен бирдикте:
- Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну даярдасын жана жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматчыларын дислокацияланган жеринен объектиге жайгаштыруу жана ташып баруу маселелерин чечсин;
- "Гидродолбоор" долбоордук-изилдөө институтунун, "Союзгидроспецстрой" корпорациясы жабык акционердик коомунун жана башка кызыкдар уюмдардын катышуусу менен Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну жүргүзүүгө курулуш объекттеринин даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссиясын түзсүн.
4. Штаб курулмаларды даярдоо жана ири масштабдагы жардырууну жүргүзүү максатында:
- бир айлык мөөнөттө Камбарата ГЭС-2де ири масштабдагы жардырууну жүргүзүүгө даярдануу боюнча уюштуруу иш-чараларынын программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- ири масштабдагы жардырууну уюштуруу жана даярдоо маселелерин оперативдүү чечсин;
- "Электр станциялары", "Нарынгидроэнергкурулуш" ачык акционердик коомдоруна, "Союзгидроспецстрой" корпорациясы жабык акционердик коомуна, "Гидродолбоор" долбоордук-изилдөө институтуна жана ири масштабдагы жардырууну жүргүзүүнү уюштурууда жана даярдоодо ишке тартылган башка уюмдарга жардыруунун бекитилген долбооруна ылайык көмөк көрсөтсүн.