Редакцияот 17.11.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 17-ноябры № 705

"Айдан Фарма" акционердик коомунун жана "Ала-Тоо" мейманкана-ресторан комплекси" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 18 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Айдан Фарма" акционердик коомунун жана "Ала-Тоо" мейманкана-ресторан комплекси" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 18 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. "Айдан Фарма" акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 5146288,29 АКШ доллары суммасындагы кредиттик карызы белгиленсин.";

- 2-пунктта:

биринчи абзацындагы "Экономика жана" деген сөздөр алып салынсын;

экинчи абзац алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Пакистан Ислам Республикасынын кредити боюнча "Айдан Фарма" акционердик коомунун 5146288,29 АКШ доллары суммасындагы кредиттик карызы төмөнкүдөй шарттарда реструктуралаштырсын:

- кредитти жоюу мөөнөтү - 22 жыл (2031-жылга чейин), мында жаңы карыздык милдеттенмеге кол коюлган күндөн тартып узактыгы 8 жыл болгон жеңилдик мөөнөтүн берүү менен;

- жылына 2,5 процент өлчөмүндө кредитти пайдалануу үчүн белгиленген проценттик ставка;

- мөөнөтү кечиккен төлөмдөр үчүн айыптык санкциялар - жылына 5 процент өлчөмүндө;

- 2003-жылдын 18-сентябрындагы № 701-03 карыздык милдеттенмени жоюу жана жогоруда аталган шарттарда жаңы карыздык милдеттенме түзүү;

- карыздык милдеттенмеге кол коюлган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө 120 проценттен кем эмес күрөөлүк камсыздоо менен күрөө жөнүндө жаңы келишим түзүү. Күрөө көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбеген учурда 2003-жылдын 18-сентябрындагы № 701-03 карыздык милдеттенме бардык шарттары менен калыбына келтирилген деп эсептелсин.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

 

 

Премьер-министри

 

Д.Үсөнов