Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №122 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 17-ноябры № 709
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120, 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169, 2011-жылдын 3-июнундагы №284 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралу" Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттикке;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясы Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясына;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомуна ылайык күчүн жоготтту);
- (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборуна.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120 токтомунун редакциясына ылайык, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик комитетинин укук мурастоочусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги болоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин укук мурастоочусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиги болоору;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясынын укук мурастоочусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясы болоору;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомуна ылайык күчүн жоготтту);
- (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борборунун укук мурастоочусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору болоору.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120 токтомунун редакциясына ылайык, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомдорунун редакцияларына ылайык);
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фондду анын функцияларын Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча борборго өткөрүлүп берүү менен жоюу боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигин жана анын ведомстволук бөлүмчөлөрүн каржылоону жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрүнүн статусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүндө сакталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;
- ушул токтомдун 2-пунктунда аталган министрликтин ведомстволук бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" тууралуу токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтому.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |