Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-декабры № 750
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун , 2010-жылдын 6-сентябрындагы №191, 2010-жылдын 5-ноябрындагы №268, 2010-жылдын 8-декабрындагы №313, 2011-жылдын 11-январындагы №10 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу, анын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин курамынан чыгарылган түзүмдөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин укук улантуучусу болуп эсептелээри белгиленсин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы №191 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин курамынан министрге түздөн-түз баш ийген өзүнчө түзүм катары Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы чыгарылсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы №191 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин системасында кызматкерлердин белгиленген санынын чегинде төмөнкүлөр түзүлсүн:
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы №191 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- мамлекеттик асыл тукум инспекциясы.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы №191 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин карамагынан:
- республикалык илимий айыл чарба китепканасы чыгарылсын жана Кыргыз агрардык университетинин карамагына өткөрүп берилсин;
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 313 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому күчүн жоготту деп табылсын.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 750 токтому менен бекитилген |
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186, 2010-жылдын 5-ноябрындагы №268, 2011-жылдын 11-январындагы № 10
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
┌────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын айыл чарба │
│ министрлиги │
└──────────────────┬─────────────────┘
┌────────┬───────┬────────┬───┼────┬────────┬─────────┬─────────┬────┐
┌────┴───┐┌───┴──┐┌───┴───┐┌───┴──┐│┌───┴──┐┌────┴───┐┌────┴───┐ ┌───┴───┐│
│ Мамле- ││Мамле-││Респуб-││Жайыт │││Өсүм- ││Өсүмдүк-││ Балык │ │Респуб-││
│ кеттик ││кеттик││ликалык││депар-│││дүк- ││төрдүн ││ чарба │ │ликалык││
│ ветери-││вете- ││ветери-││тамен-│││төрдү ││каранти-││департа-│ │мамле- ││
│ нардык ││рина- ││нардык ││ ти │││хими- ││ни ││ менти │ │кеттик ││
│ инспек-││рия ││диаг- │└──────┘││зация-││боюнча │└────┬───┘ │үрөн ││