Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №124 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 15-декабры № 758

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги бир айлык мөөнөттө:

- ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте даярдасын жана киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 758 токтому менен бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин башкаруу

СХЕМАСЫ

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик байланыш агенттиги

V

Борбордук аппарат

(инженердик-техникалык борбор)

V

Аймактар аралык башкармалыктар