Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 18-декабры № 771
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын жана анын аткарылышын камсыздасын.
3. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2010-жылдын 12-февралында № 10 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри |
| Д. Үсөнов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш убагында) ЖОБО