Редакцияот 25.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 25-декабры №809

2010-жылга мамлекеттик суу чарба системасынан суу пайдалануучуларга суу жеткирип берүү кызматына акы төлөө тарифтерин белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: 2010-жылга мамлекеттик суу чарба системасынан суу пайдалануучуларга суу жеткирип берүү кызматына акы төлөө тарифтерин белгиленсин.

2. Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн сугат суу жеткирип берүү кызматы үчүн тарифтер 2010-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизилээри белгиленсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №809 токтому менен бекитилген

 

2010-жылга мамлекеттик суу чарба системасынан суу пайдалануучуларга суу жеткирип берүү кызматына акы төлөө ТАРИФТЕРИ

Суу пайдалануучулар субъекттеринин

 аталышы

Жыл ичинде тарифтердин колдонуу мөөнөтү

Тарифтик став- ка, КНСти кош- погондо (1куб.м суу үчүн тыйын)

I. Агрардык сектордун суу пайдалануучулары:

 

 

- кадимки райондор

I жана IV кварталдар

2,0

II жана III кварталдар

5,0

- жаратылыш-климаттык шарттары оор, ыңгайсыз райондор

I жана IV кварталдар

1,0

II жана III кварталдар

2,0

II. Өнөр жай жана энергетика секторунун суу пайдалануучулары:

Жыл бою

10,0

III. Коруктар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, улуттук, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, маданият, илим, агартуу, саламаттыкты сактоо мекемелери

Жыл бою

1,0