Редакцияот 26.01.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 26-январы №25

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча 2010-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө

"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча 2010-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча 2010-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына КВОТА

№

 Региондор

Экономиканын тармактары (адам)

Бардыгы

 

Өнөржай

жана курулуш

Айыл жана

токой чарбасы, кайра иштеп

чыгаруу өнөржайы

Транспорт, коммуникация, геологиялык

чалгындоо жана

 тоокен өнөр жайы

Соода, кызмат

көрсөтүү чөйрөсү, коомдук

тамактануу жана

башка экономи- калык ишмердик

Саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият, искусство

Кредиттөө, банк сектору, камсызданды-руу

1

Баткен облусу

235

115

22

51

35

10

468

2

Жалал-Абад облусу

245

60

440

15

80

10

850

3

Ысык-Көл облусу

90

30

60

10

10

5

205

4

Нарын облусу

22

32

70

13

25

19

181

5

Ош облусу

69

87

22

930

15

22

1145

6

Талас облусу

120

10

30

35

25

5

225

7

Чүй облусу

848

245

261

217

100

31

1702

8

Бишкек шаары

1200

40

320

2200

350

320

4430

9

Ош шаары

700

30

30

200

100

20

1080

 

Бардыгы:

3529

649

1255

3671

740

442

10286