Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы N 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы N 298 токтому менен бекитилген |
Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо агент банктарды тандоонун жол жоболорун аныктайт, алар аркылуу Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары - Агенттик) кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп бере алат.
2. Бул Жободо "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган түшүнүктөр колдонулат.
II. Тандоо тартиби
3. Кепилденген учур келгенде Агенттиктин Директорлор кеңеши тарабынан агент банктарды тандоо боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - Конкурстук комиссия) түзүлөт, ага 5 адам кирет:
1) Агенттиктин Байкоочу органынан (мындан ары - Директорлор кеңеши) эки өкүл, мында бирөө - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, кызмат орду боюнча Конкурстук комиссиянын төрагасы, экинчиси - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары КР УБ), кызмат орду боюнча Конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары болот;
2) Агенттиктен эки өкүл;
3) КР УБ банктык көзөмөлдөө башкармасынан бир өкүл.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Агент банктарды тандоо иштеп жаткан банктарга тандоо жүргүзүү башталаары тууралуу кабар жөнөтүү жолу менен ишке ашырылат.
5. Катышуучу банктар Агент банктарды тандоо башталаары тууралуу кабарды алган күндөн тартып 3 күндүн ичинде агенттикке тандоого катышуу жөнүндө арыздарын берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)