Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 12-февралы № 93
"Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамынын 15 жана 32-беренелерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктка:
биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын аймагында" деген сөздөрдөн кийин "5 жылдан ашык" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болгон мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жокторго ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.";
- 8-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Иммигрант статусун алууга артыкчылык укуктар менен пайдалануучу чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор Кыргыз Республикасынын аймагында 6 ай тургандан кийин туруктуу жашаганга уруксат алууга арыз берүүгө укуктуу";
- 13-пунктта:
биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын аймагында" деген сөздөрдөн кийин "6 айдан ашык" деген сөздөр менен толукталсын;