Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-февралы № 95
Алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 23, 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө", "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартиби жөнүндөгү жобо (мындан ары Жобо) бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министринин милдетин аткарууу |
А.Жапаров
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 95 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 23, 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин (мындан ары - Тизмек) түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартибин белгилейт.
2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:
маалымат берүүчү жактар - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
террористтик иш - "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
экстремисттик иш - "Экстремисттик ишке каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде 58589:st_1} көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
милдеттүү контроль - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт.
3. Ушул Жобонун 4-пунктунда каралган негиздер бар болсо, Кыргыз Республикасынын ички иштер, улуттук коопсуздук, тышкы иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) тизмекке киргизүү үчүн негиздердин пайда болгондугу жөнүндө маалыматты алган күндөн баштап үч жумушчу күндөн кеч эмес мезгилде тиешелүү маалыматтарды белгиленген форма боюнча (анын ичинде электрондук түрдө), аларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Финансылык чалгындоо) колмо-кол же почталык жөнөтүү менен жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 23, 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тизмекти түзүү жана ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн төмөндөгү маалыматтар негиз болуп саналат:
а) жеке жакты террористтик же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого күнөөлүү деп табуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрү, ошондой эле ошол өкүмдөрдү жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө;
б) юридикалык жак тарабынан террористтик же экстремисттик иш жүзөгө ашырылганына байланыштуу, юридикалык жактын ишмердүүлүгүн таануу, жоюу же токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери, ошондой эле ошол чечимдерди жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө;