Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 188 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-февралы №98
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында автомобилдик жолдорду долбоорлоону, курууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырган түзүмдөрдү анын карамагына өткөрүп берүү менен "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасынын уставы;
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасынын башкаруу схемасы.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №98 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасынын башкаруу СХЕМАСЫ
┌─────────────────────────────┐
│ КР Транспорт жана │
│ коммуникациялар министрлиги │
└─────────────────────────────┘
┌────────────────────────┐
┌─────────────┬─┤ "Кыргызавтожолдору" МИ ├────────────┐
│ │ └────────────┬───────────┘ │
┌─────┴──────┐┌─────┴───────┐ │ ┌──────┴──────┐
│ Жалалабат ││ Мамл. │ │ │ Чүй курулуш │
│ курулуш ││жол-ремонтоо,│ │ │ башкармалыгы│
│башкармалыгы││ курулуш │ │ │ │
│ ││башкармалыгы │ │ │ │
└────────────┘└─────────────┘ │ └─────────────┘