Редакцияот 26.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 26-августундагы №174

Иш күндөрүн которуу жөнүндө

Дем алыш жана жумуш эмес айрым күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эки дем алыш күнү бир беш күндүк иш жуманын графиги менен иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2010-жылдын 30-августундагы иш күнү 2010-жылдын 28-августундагы дем алыш күнүнө которулсун.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева