Редакцияот 08.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 8-сентябрындагы №194

Орозо айт күнү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2010-жылдын 10-сентябры Орозо айт майрам күнү деп жарыялансын.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р.Отунбаева