Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-ноябры № 283
Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 244, 2023-жылдын 28-февралындагы № 109, 2025-жылдын 4-июнундагы № 316 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1961-жылдын 5-октябрындагы Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 75 «Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
2. Бул токтом 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенция Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген учурдан баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 токтому менен бекитилген |
Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускама
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 244, 2023-жылдын 28-февралындагы № 109, 2025-жылдын 4-июнундагы № 316 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул, Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган расмий документтерге апостиль коюу укугу берилген баардык мамлекеттик органдардын апостиль коюусунун тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Апостиль коюу жол-жобосунун максаты - 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенцияга (мындан ары - Гаага Конвенциясы) катышкан өлкөлөрдүн аймагында колдонууга арналган апостилдештирилчү документтердин аныктыгын жана тийиштүү түрдө тариздөөнүн кепилдигин камсыз кылууну көздөйт.
3. Бул Нускамада төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
апостиль - документке кол койгон адамдын койгон колунун, кол койгон адам ким катары чыккандыгынын аныктыгын жана тиешелүү учурда бул документ бекитилген мөөрдүн же штамптын аныктыгын ырастаган атайын штамп;
апостилдештирүү - Кыргыз Республикасынан чыккан расмий документтерге, аларды Гаага Конвенциясына катышкан мамлекеттердин аймактарында көрсөтүү үчүн «Апостиль» штампын коюунун жол-жобосу;
Гаага Конвенциясына катышуучу - Гаага Конвенциясына кол койгон жана ага кошулган мамлекет;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - апостиль коюу укугуна ээ болгон мамлекеттик органдар;
жылдызча - документтин барактары бекитилген жерге жабыштырылган жана апостиль койгон органдын гербдүү мөөрү коюлуучу калың кагаз.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ишинде Гаага Конвенциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Нускаманы жетекчиликке алат.
5. Апостиль коюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жыйым алынат.
51. Электрондук апостиль коюунун тартиби апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктарга ээ мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 316 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Апостилдештирүүгө тийиш болгон документтер
6. Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган жана Гаага Конвенциясына катышуучу башка мамлекеттин аймагында пайдаланылууга тийиш болгон расмий документтер апостилдештирилет.
7. Апостилдештирилүүгө тийиш болгон расмий документтер катары төмөнкүлөр кабыл алынат:
а) мамлекеттик органдардан (мекемелерден, нотариустардан), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан, анын ичинде укук коргоо жана сот органдарынан чыккан документтер;
б) нотариуста күбөлөндүрүлгөн документтер;
в) расмий белгилер коюлган документтер (каттоо жөнүндө белгилер, белгилүү бир датаны ырастаган визалар, нотариуста күбөлөндүрүлбөгөн документтеги коюлган колду ырастоо).
8. Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын жана Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун мурдагы республикаларынын органдары тарабынан берилген расмий документтердин түп нускалары Кыргыз Республикасынын аймагында апостилдештирилиши мүмкүн эмес. Апостиль Кыргыз Республикасынын аймагында нотариустук түрдө ырасталган мындай документтердин копияларына коюлушу мүмкүн.