Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 9-декабры № 320
Дары-дармек каражаттарына базистик баалар жөнүндө токтому
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы №149, 2015-жылдын 18-февралындагы № 69, 2017-жылдын 15-майындагы № 273 , 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 546, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 72 токтомдорунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Дары-дармек каражаттарына базистик бааларды эсептөөнүн методикасы;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Баштапкы деңгээлдеги мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарына базистик баалар.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн.
3. «Дары-дармек каражаттарына базистик бааларды эсептөөнүн методикасы» тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2000-жылдын 12-июнундагы № 186, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2000-жылдын 27-июнунда № 127 катталган буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы №149 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-декабрындагы № 320 токтому менен бекитилген |