Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №104 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-февралы № 66

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- оюн автоматтарын берүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары.";

2) токтом оюн автоматтарын берүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары менен ушул токтомдун тиркемесинин редакциясына ылайык толукталсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 739 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасынын 125-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

 

А.Атамбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  22-февралындагы № 66 токтомуна тиркеме

 

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  28-январындагы № 58 токтому менен бекитилген

 

 

Оюн автоматтарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин  негизиндеги салыктын

СТАВКАЛАРЫ

 

┌─────────────────────────┬───────────────────────┬───────────────────┐

│       Иштин түрү        │      Салыктык база    │  Удаалаш 30 күнгө │

│                         │                       │  салыктын ставкасы│

│                         │                       │     (сом менен)   │

├─────────────────────────┼───────────────────────┼───────────────────┤

│Оюн автоматтарды берүү   │1 оюн автомат          │        4000       │

│боюнча кызмат көрсөтүүлөр│                       │                   │

└─────────────────────────┴───────────────────────┴───────────────────┘

.".