Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 5-августу № 451
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №181, 2012-жылдын 28-майындагы № 323, 2013-жылдын 30-майындагы № 302, 2013-жылдын 8-июлундагы № 403, 2016-жылдын 13-декабрындагы № 669, 2020-жылдын 27-октябрындагы № 518 токтомдорунун редакциясына ылайык)
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны;
- райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны;
- облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каралаары белгиленсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына атайын каражаттардын же башка каржылоо булактарынын эсебинен кармоо үчүн штатка кызматкерлерди алууну токтото туруу сунушталсын.
4. Райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органына - шаар башкармалыгын шаар мэриясына өзгөртүп кайра түзүү сунушталсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 726 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу» токтому;