Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 22-августу №478
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-январы № 26, 2015-жылдын 23-октябры № 730 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 5-пункт "Ош," деген сөздөн кийин "Баткен," деген сөз менен толукталсын.
2. (Кыргыз Республикасынын КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-январы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 726 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмдөрүндө жана штаттык сандарында:
"Бөлүм башчы" позициясында:
- "Балыкчы" графасындагы "1" цифрасы алып салынсын;