Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 413
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын типтүү түзүмүн жана чектүү штаттык санын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 305, 2025-жылдын 30-июнундагы № 377 , 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын типтүү түзүмү 1-тиркемеге ылайык;
- Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 2-тиркемеге ылайык;
- Жалал-Абад облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 3-тиркемеге ылайык;
- Ысык-Көл облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 4-тиркемеге ылайык;
- Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 5-тиркемеге ылайык;
- Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 6-тиркемеге ылайык;
- Талас облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 7-тиркемеге ылайык;
- Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын чектүү штаттык саны 8-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана Балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;