Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 29-февралы № 156

Ойлоп табууга өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүүнүн жана ал жөнүндө маалымат берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу

"Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык Ойлоп табууга өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүүнүн жана ал жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ө. Бабанов