Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-марты № 188
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун Стратегиясы тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
1. Киришүү
Узак мөөнөттүү эң аз сарптоолор менен жана тобокелчиликтердин алгылыктуу деңгээлинде каржылоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн керектөөлөрүн камсыздоо үчүн 2009-2011-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы (мындан ары - 2009-2011-жылдарга Стратегия) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы № 400 токтому менен жактырылган. 2009-2011-жылдарга Стратегия ички дүң продуктуга (ИДП) карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын катышын андан ары азайтууну жана ички рыноктун эсебинен улуттук валютада каржылоонун үлүшүн көбөйтүүнү караган.
2009-2011-жылдарга Стратегияны ишке ашыруу мөөнөтүнүн аяктагандыгына, ошондой эле өлкөдө жана дүйнөдө макроэкономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын (мындан ары - Стратегия) кабыл алат.
Стратегия чыгымдардын жана тобокелчиликтердин оңтойлуу комбинациясын болжолдоочу мамлекеттик карыздын структурасын түзүүгө багытталган мамлекеттик карызды башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн орточо мөөнөттүү планы түрүндө болот.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун максаттары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун максаттары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу негизги максаты:
- орточо мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилде мамлекеттик карыздын туруктуулугун колдоо максатында чыгымдарды жана тобокелчиликтерди оңтойлоштурулган комбинациялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын структурасын түзүүнү эске алуу менен каржылоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн керектөөлөрүн камсыздоо;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан аркы өнүктүрүү.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун милдеттери
Бюджеттик саясаттын максаттары менен милдеттерине ылайык мамлекеттик карыз алууларга тийиштүү ар кандай чечимдерди сөзсүз макулдашууну де-факто камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик карызды башкаруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процессинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден-бир агенти катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маанилүү ролун камсыз кылуу мамлекеттик карызды башкаруу жаатында негизги жана туруктуу институттук милдет болуп саналат.
Жаңы тышкы карыз алуулар экономикалык өсүшкө жана жакырчылыктын кыскарышына көмөк көрсөтө турган кыйла артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго гана тартылат. Жаңы мамлекеттик тышкы карыз алууларды тартуу жана кепилдик берүү карыздардын жеңилдигинин (грант-элемент) 35 пайыз минималдуу деңгээлин сактоодо гана ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөө өз учурунда жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын карызын кайра структуралоого берүү, своп-операцияларды жүргүзүү (карызды активге алмаштыруу, өнүктүрүү ж.б.), ошондой эле аны эсептен чыгаруу же грантка кайра түзүү жөнүндө маселени кароо боюнча эки тараптуу форматта кредитор-өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын деңгээлин азайтуу боюнча иш-чараларды улантат.
3. Стратегиянын камтылышы
Бул Стратегия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карызын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген карызды башкаруу маселесин жөнгө салат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын карызы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын муниципалдык органдарынын карызы ушул Стратегиянын камтуу чөйрөсүнө кирбейт.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын учурдагы абалы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2011-жылдын аягында 3,080 млрд. АКШ долларын түздү, анын ичинен ички карыз 0,277 млрд. АКШ долларын (12,875 млрд. сом) же 9,0 %ды жана тышкы карыз 2,803 млрд. АКШ долларын же 91,0 %ды түзөт.
Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын жалпы көлөмүнөн эки тараптуу кредиторлор алдындагы карызынын үлүшү 45.8%ды (анын ичинен: 80,5 % - жеңилдик берилген кредиттер жана 19,5 % - жеңилдик берилбеген) жана көп тараптуу кредиторлор алдында - 54,2 %ды (анын ичинен: 99,0 % - жеңилдик берилген кредиттер жана 1,0 % - жеңилдик берилбеген кредиттер) түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги алдында алынган кредиттер боюнча тышкы карыздын көлөмү 0,561 млн. АКШ долларын түзөт.
Кыргыз Республикасынын ички карызы 5,595 млрд. сом суммасындагы рыноктук эмес мамлекеттик баалуу кагаздардан турат, алардын көпчүлүгүнө Кыргыз' Республикасынын Улуттук банкы ээлик кылат жана мамлекеттик рыноктук баалуу кагаздар 6,615 млрд. сом суммасында. Рыноктук мамлекеттик баалуу кагаздарга 3, 6 жана 12 ай жүгүртүү мөөнөтү менен дайыма чыгарылуучу мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ) жана 2 жыл жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО) кирет. Бул Стратегиянын максаты үчүн «рыноктук» баалуу кагаздар деп мамлекеттик баалуу кагаздар болжолдонот, аларды жайгаштыруу рыноктук механизмдерди, мисалы аукциондорду пайдалануу менен жүргүзүлөт.
1-таблица. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын суммасы
| 2008 | 2009 | 2010 | 2011 |
КР мамлекеттик карызы (млрд. сом) | 91,426 | 117,704 | 131,557 | 143,154 |
а.и. тышкы карыз (млрд. сом) | 83,877 | 109,152 | 123,196 | 130,280 |
(эквивалент млрд. АКШ долл.) | 2,128 | 2,476 | 2,616 | 2,803 |
а.и. ички карыз (млрд. сом) | 7,549 | 8,552 | 8,361 | 12,875 |
Салыштырма салмагы (тышкы карыз) | 91,8% | 92,7% | 93,6% | 91,0% |
Салыштырма салмагы (ички карыз) | 8,2% | 7,3% | 6,4% | 9,0% |