Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМУ
2012-жылдын 3-сентябры № 603
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2014-жылдын 4-июнундагы № 311, 2015-жылдын 3-марты № 96, 2017-жылдын 16-январындагы № 20 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын иштеп чыгуу боюнча нускама 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 311 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине ылайык:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын өз убагында кайра карап чыгууну жана иштеп чыгууну камсыз кылсын;
- жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-январынан кечиктирбестен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайра каралган жана бекитилген стандарттары жөнүндө маалыматтарды берип турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу процессинде аларды стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (мекемелерге) консультациялык жардам көрсөтсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А. Карашев |
1-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 311, 2015-жылдын 3-марты № 96 токтомдорунун редакциясына ылайык)
────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ 1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту │