Редакцияот 11.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 11-октябры № 709

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын карамагына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 1-сентябрындагы № 332-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев