Редакцияот 02.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 2-ноябры № 763

Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы Кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Zain Corporation" жоопкерчилиги чектелген коомунун арызынын негизинде "Тоуоta Regius" маркасындагы, 2000-жылы чыгарылган, кузову № RСН41-0041134 автомашинаны мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартуу режиминде бажылык тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны белгиленген тартипте балансына өткөрүп алсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев