Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Ѳкмѳтγнγн

2014-жылдын 30-декабры № 754 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 20-декабры № 843

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун жана аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобонун аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмаларынын запастары боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 Ж. Сатыбалдиев

 

 

Тиркеме «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын Курамы

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 74 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)