Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 446
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерин социалдык коргоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын атайын эсеби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги атайын эсептин каражаттарын ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген жобого ылайык пайдаланууну камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 446 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын атайын эсеби жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бөлүнгөн ассигнованиелерден тышкары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы (мындан ары - Кызмат) тарабынан алынуучу каражаттар атайын эсептин каражаты болуп эсептелет. Атайын эсептин каражаттары белгиленген жол-жоболорго ылайык казына системасы аркылуу сарпталат.
Аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине киргизилет жана бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндө өзүнчө тиркеме менен бөлүнөт.
Кызматтын атайын эсеби төмөнкүдөй максаттарда ачылат:
- Кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүү;
- Кызматтын системасындагы кызматкерлер үчүн социалдык коргоону жана кепилдиктерди камсыз кылуу, алардын өз иштеринин жыйынтыгына болгон кызыкчылыктарын арттыруу;
- Кызматтын системасындагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;
- Кызматтын системасындагы кызматкерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атайын эсепти түзүү булактары
2. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт: