Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 732 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2012-жылдын 15-февралы № 91
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ортосундагы ведомстволор аралык эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжалуулугун көтөрүү, ошондой эле "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-апрелиндеги №298 "Саламаттык сактоону реформалоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин курамы
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)