Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2012-жылдын 30-апрели № 263
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдарынын өзгөртүп түзүлгөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо:
8-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
Жобонун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)