Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы N 724, 2015-жылдын 30-мартындагы № 168, 2016-жылдын 14-июнундагы № 315, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653, 2017-жылдын 16-майындагы № 285, 2019-жылдын 20-июнундагы № 303, 2021-жылдын 5-мартындагы № 77, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260, 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2023-жылдын 1-февралындагы № 44, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 ,2026-жылдын 11-февралындагы № 84, 2026-жылдын 9-мартындагы № 165, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 303 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - Министрлик) дипломатиялык кызматтын бирдиктүү тутумуна башчылык кылуучу, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүү максатында тышкы иштер чөйрөсүндө жана тышкы саясий чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу боюнча иш аракетти, тышкы саясий чечимдерди иштеп чыгууда, кабыл алууда жана жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын координациялоону жана алардын өз ара аракеттенүүлөрүн ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө", "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын визалык пункттары (мындан ары – чет өлкөлөрдөгү мекемелер), Министрликтин алдындагы органдар, Министрликтин Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктериндеги өкүлчүлүктөрү жана Министрликтин ведомстволук уюмдары (мындан ары – ведомстволук бөлүмдөр жана уюмдар) дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү тутумуна кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Министрлик дипломатиялык кызмат органдарынын тутумдарынын ишин башкарат, жетектейт, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамилелер жаатындагы мамлекеттик органдарды координациялоону жана алардын өз ара аракеттенүүлөрүн, тышкы саясаттын бирдиктүү принцибинин сакталышын камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттеринин аткарылышын жалпы контролдоону ишке ашырат, ошондой эле ага ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүктөлгөн башка милдеттерди жана функцияларды аткарат.
5. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, кыргыз, орус жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.
51. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги»;
- расмий тилде: «Министерство иностранных дел Кыргызской Республики»;
- англис тилинде: «Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic».
52. Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «ТИМ»;
- расмий тилде: «МИД»;
- англис тилинде: «MFA».