Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 19-январы № 17
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №96, 2012-жылдын 15-февралындагы №97, 2015-жылдын 13-марты № 118, 2015-жылдын 2-декабры № 820, 2016-жылдын 23-августундагы № 452, 2018-жылдын 26-мартындагы № 154 , 2019-жылдын 12-июлундагы № 346, 2020-жылдын 10-августундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиялык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын жана Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жана Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциянын административдик-башкаруу персоналынын кызматтык маяналары 1-тиркемеге ылайык;
- Республикалык спорттук колледждин, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин, дене тарбия даярдыгынын балдар-өспүрүмдөр мектептеринин жана балдар-өспүрүмдөр клубдарынын администрациялык-башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналары 2-тиркемеге ылайык;
- машыктыруучу-окутуучулар курамынын кызматтык маяналары 3-тиркемеге ылайык;
- машыктыруучу-окутуучулар курамынын эмгек акысына үстөк акылардын өлчөмү 4-тиркемеге ылайык.
- дене тарбия жана спорт мекемелеринин администрациялык - башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык.
- спорт боюнча инструкторлордун кызматтык маяналары 6-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №96, 2012-жылдын 15-февралындагы №97, 2015-жылдын 13-марты № 118, 2015-жылдын 2-декабры № 820 , 2019-жылдын 12-июлундагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Администрациялык-башкаруу кызматкерлеринин ардактуу наамы, бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы шартта иштегени үчүн нормативдик укуктук актыларга ылайык үстөк төлөнөт.