Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-февралы № 91
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө
"2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 72 "Майыптуулуктун себебин белгилөө жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 124 "2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө" Декретин ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы № 209 токтому.
4. Бул токтом 2012-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-февралындагы N 91 токтому менен бекитилген |
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 , 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби (мындан ары - Тартип) ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоого жарандардын кайрылууларынын эрежелерин, ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул (мындан ары - АКСЖ) дайындоо жана төлөө тартибин белгилейт.
2. Бул Тартиптин колдонулушу 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде - Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы окуяларда жана Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 2010-жылдын июнь окуяларында курман болгон адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле жабыр тарткан адамдарга жайылтылат.
2. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
3. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо үчүн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле майыптыгы бар деп таанылган жарандар ушул Тартипке ылайык жашаган (катталган) жери боюнча райондук жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына (мындан ары - ЭСКМБ) кайрыла алышат
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
4. АКСЖ дайындоого кайрылганда социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын (мындан ары - СЖКМТ) тиешелүү эсепке алуу журналында арызды каттоо жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. АКСЖ дайындалууга тийиш болгон адамдын жашы жете элек болсо же ал эмгекке жарамсыз адам болсо, АКСЖ дайындоо жөнүндө арыз анын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, багуучусу, камкорчусу жана көзөмөлчүсү) тарабынан берилет.
6. Эгерде жашы жете электин мыйзамдуу өкүлү же эмгекке жарамсыз адамдын камкорчусу болуп, ошол жашы жете элек же эмгекке жарамсыз адам дайыма келип турган тиешелүү мекеме эсептелсе, анда ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз ушул мекеменин жайгашкан жери боюнча ЭСКМБга берилет.