Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 13-майы № 264
"Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, А.Т.Алтыбаева, Т.З.Зулпукаров, К.Т.Туманов, Д.Д.Бекешев жана Ө.М.Бакиров демилге кылган "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-майындагы № 264 токтомуна тиркеме
|
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, А.Т.Алтыбаева, Т.З.Зулпукаров, К.Т.Туманов, Д.Д.Бекешев жана Ө.М.Бакиров демилге кылган "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
1. Мыйзам долбоорунун преамбуласынын биринчи абзацы долбоордун 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн жобосун кайталагандыктан, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык преамбула (кириш сөз) ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматты камтыган анын милдеттүү эмес, өз алдынча бөлүгү болгондуктан Мыйзам долбоорунун преамбуласынын биринчи абзацын алып салууну сунуштайбыз.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин жоболорун көңүлгө алуу менен, Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде пункттардын номерленишин кайра кароону сунуштайбыз.
4. Кыргыз Республикасы өзүнүн ченемдик укуктук актылары менен башка мамлекеттерди эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин сактоону милдеттендире албагандыгына байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.