Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-майы № 270
Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына жана 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет жактырылсын жана ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүүгө жиберилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-майындагы № 270 токтомуна тиркеме |
Эскертүү: Тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө бар.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2012-жыл үчүн ИДПнын анык өсүшү 0,9% деңгээлинде түзүлдү, бул 2011-жылдын деңгээлинен 6,9 пайыздык пунктка төмөн, ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 304,4 млрд. сом деңгээлинде болду. Экономикалык өсүштүн темпинин азайышы "Кумтөр" кенин иштетүү ишканаларындагы өндүрүштүн кыскаруусуна байланыштуу болду.
"Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда экономиканын анык өсүшү 5,0%ды түздү, өнөр жай өндүрүшүнүн 6,1% (Кумтөрдү кошпогондо) кызмат көрсөтүүдө 6,1%га, курулушта 17,3%, айыл чарбада 1,2% өсүшүнүн натыйжасында (2011-жылы 6,3% өстү) болду.
2012-жылы керектөө баасынын индекси өткөн жылдын декабрь айына карата 7,5%ды түздү (2011-жыл үчүн 2010-жылдын декабрына карата 5,7%).
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата керектөө баасынын индекси 2,8%ды түздү (2011-жылга карата 2010-жылы - 16,6 %).
Доллардын эсептик курсу 2011-жылдын декабрынын аягына карата 1,97%га көбөйгөн жана 2012-жылдын декабрынын аягына карата 46,4012 сом/АКШ долларын түзгөн.
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүү анык туюнтууда 20,2% төмөндөгөн (2011-жылы өсүш 11,9%). Кумтөрдү эсепке албаганда өнөр жайда 6,1%га өсүш болгон (2011-жылы өсүш 18,8%). Анык өсүш арымы энергетика секторунда 5,2%, кен иштетүүчү өнөр жайында - 22,5%га, кайра иштетүүчү өнөр жайында - 27,2%га көбөйүшү байкалган.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2012-жылы анык өсүш 6,1%ды түздү (2011-жылы 8,7% өсүш). Соода, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке пайдалануудагы предметтерди оңдоо кызматтарынын өсүшү 11,1%ды түздү, анын ичинде чекене сооданын өсүшү (автомобиль жана мотор майларын сатуудан тышкары) 7,9%ды түздү.
Мейманканалар жана ресторандар кызматтарынын өсүшү 2012-жылы 11,9% кызматтардын бул түрлөрүнө керектөө суроо-талабынын өсүшүнө байланыштуу түздү (2011-жылы 15,4% өсүш).
Почта жана электрондук байланыш кызматтары 2011-жылга салыштыруу боюнча 2012-жылы 9,2%га көбөйгөн, тарифтик кирешелер 20901,7 млн. сомду түздү.