Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 503 токтомуна ылайык 2027-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 3-майы № 235
Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы № 2793-V "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын Тизмеси жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмеги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бекитилген Тизмекке ылайык бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жана иштеген адамдарга пенсия дайындоону жүргүзсүн.
3. Бул токтом 2012-жылдын 22-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3 майындагы № 235 токтому менен бекитилген
|