Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 251 Жарлыгы менен

бекитилген

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө ЖОБО

 (КР Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы ПЖ N 268, 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 157, 2018-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ № 188 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш) консультациялык-кеңешүүчү, координациялык орган болуп саналат. Улуттук кеңешти түзүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди кабыл алууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, бул багытта мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күч-аракеттерин координациялоодо болуп саналат.

2. Улуттук кеңештин милдеттери, функциялары жана укуктары

2. Улуттук кеңештин негизги милдети Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн маселелерине тиешелүү стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруу боюнча консолидацияланган сунуштарды иштеп чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуу, ошондой эле аларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү болуп саналат.

Коюлган максаттарды жана милдеттерди чечүү үчүн Улуттук кеңешке чараларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда төмөнкүдөй функциялар берилет:

- өнөктөштүктүн жана жигердүү катышуунун негизинде өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик бийлик бутактарын, коомдук жана эл аралык уюмдарды координациялоо жана баш коштуруу боюнча;

- коомго отчет бере турган экономиканы мамлекеттик башкаруу системасын түзүүнү кечеңдетүүчү себептерди четтетүү боюнча;

- экономикалык саясатты иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын иштерине коомчулуктун ролун күчөтүү боюнча;

- өлкөнү өнүктүрүүгө тиешелүү узак мөөнөттүү концепциялар, стратегиялар жана башка документтер жана аларды ишке ашыруу жолдору боюнча.

3. Улуттук кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- өлкөнү өнүктүрүүгө тиешелүү узак мөөнөттүү концепцияларды, стратегияларды жана башка документтерди жана аларды ишке ашыруу жолдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароого жана бекитүүгө сунуш кылууга;