Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 12-июну № 344

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогорудагы токтом менен бекитилген 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- 3-пунктта:

"Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "КРӨМА" деген аббревиатура "Этностор агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" графасындагы "I" цифрасы "III" цифрасына алмаштырылсын;

"Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана жактырылышы жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтү" графасындагы "II" цифрасы "III" цифрасына алмаштырылсын;

- 6-пунктта:

"Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "КРӨМА" деген аббревиатура "Этностор агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын:

"Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" графасындагы "II" цифрасы "III" цифрасына алмаштырылсын;

- 18-пунктта:

"Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ТИМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

"Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" графасындагы "I" цифрасы "III" цифрасына алмаштырылсын;

"Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана жактырылышы жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтү" графасындагы "I" цифрасы "III" цифрасына алмаштырылсын;

- 19-пунктта:

"Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ТИМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

"Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" графасындагы "II" цифрасы "III" цифрасына алмаштырылсын;

- 20-пунктта:

- 44-пунктта:

"Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "КРӨМА" деген аббревиатура "Этностор агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" графасындагы "I" цифрасы "III" цифрасына алмаштырылсын;

"Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана жактырылышы жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтү" графасындагы "II" цифрасы "III" цифрасына алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев