Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 36
2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 344, 2013-жылдын 29-июлундагы № 426, 2013-жылдын 5-августундагы № 452, 2013-жылдын 16-августундагы № 462, 2013-жылдын 19-августундагы № 464, 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 598 2013-жылдын 9-декабрындагы № 662, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 726, 2014-жылдын 9-январындагы № 10 токтомуна ылайык күчүн жоготту
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ченем чыгаруу ишин андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2013-жылга План) бекитилсин.
2. 2013-жылга План боюнча жооптуу аткаруучулар болгон министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому күчүнө кирген күндөн тартып:
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуу таасирин талдоону милдеттүү өткөрүү жөнүндө талаптарын эске алуу менен белгиленген мөөнөттө 2013-жылга Планда каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- ведомстволук мыйзам долбоорлоо ишин пландоонун сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарын бекитишсин;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарын алар бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 2013-жылга Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2013-жылга Пландын аткарылышына контролдукту ишке ашырсын;
- квартал сайын 2013-жылга План боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрсүн;
- жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2013-жылга Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берип турсун.
4. 2013-жылга Планда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жекече жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тескөөчү орун басарларына жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтому;
- "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 503 токтому;
- "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 806 токтому;
- "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-декабрындагы № 846 токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 токтому менен бекитилген |
2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 344, 2013-жылдын 29-июлундагы № 426, 2013-жылдын 5-августундагы № 452, 2013-жылдын 16-августундагы № 462, 2013-жылдын 19-августундагы № 464, 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 598, 2013-жылдын 9-декабрындагы № 662, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 726 2014-жылдын 9-январындагы № 10 токтомуна ылайык күчүн жоготту