Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 19-майындагы № 353

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2013-жылдын 24-июну № 371

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 "Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 "Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жободо:

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пунктунун төртүнчү абзацындагы "(айылда жашагандар)" деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;

- 5-пункту "белгиленген чектик уруксат берилүүчү нормадан ашык болгон," деген сөздөрдөн кийин "күйдүргүдөн өлгөн мал көмүлгөн же ушул көмүлгөн жерлердин санитардык-коргоо зонасында жайгашкан жерлерди," деген сөздөр менен толукталсын";

- 14 жана 15-пункттарындагы "ФПС" аббревиатурасы "АЖМФ" аббревиатурасына алмаштырылсын;

- 22-пунктундагы "айыл жеринде туруктуу эки жылдан кем эмес жашаган" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев