Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 28-июну № 386
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилгелеген "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 386 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесиндеги "карын энелик туурасында келишим" жана "репродуктивдик ден соолук" терминдерин Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин жоболоруна ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин үчүнчү абзацын Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 5-беренесинин экинчи абзацына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз, анткени аталган Кодекс балдардын укуктарынын негизги кепилдиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын регламенттештирген жана "балдар" деген түшүнүктүн ордуна "жашы жетпегендер" деген аныктаманы белгилеген негиз салуучу документ болуп эсептелет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жоболору мыйзам долбоорунда пайдаланылган терминдердин түшүндүрмө аппараттарын ачууга багытталгандыктан, жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтардагы терминдердин маанисин ачууга багытталбаган сүйлөмдөрдү алып салууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун жоболору балалуу болууну каалаган (жубайлар же никеси жок адамдар) адамдар менен карын эненин ортосундагы карын энелик келишимди түзүү мүмкүндүгүн караштырат. Карын эне методун пайдалануу менен ата-эне болууга укуктуу жубайы жок жана никеси жок жалгыз бой адамдардын каалоосун эске алууну максатка ылайык деп эсептейбиз.