Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 3-июлу № 396
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Республиканын керектөө базарына келип жаткан потенциалдуу уулуу химиялык заттардын жана продукциялардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген жагымсыз таасиринин алдын алуу максатында, "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясынын, Коркунучтуу калдыктарды чек ара аркылуу ташып өтүүнү жана чыгарууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын, эл аралык соодада айрым химиялык кооптуу заттар жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жол-жобосу жөнүндө БУУнун Роттердам конвенциясынын жоболорун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын "Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 778 "Кыргыз Республикасынын "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна" деген сөздөр жана цифралар "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукцияны адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертизалоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия менен" деген сөздөр "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукциянын адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундусунун жыйынтыгын таануунун тартибинде:
- 5.1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарында белгиленген продукцияны ташуу жана сактоо шарттары бузулса;";
- 6.1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия менен" деген сөздөр "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: