Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 31-июлу № 438
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Артыков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 438 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Артыков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мүлккө салык жергиликтүү бюджеттерге кирешелер келип түшүүчү булактардын негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат. Жергиликтүү бийликтин органдары айрым адамдардын өтө жогору кирешесин коомдун жана айрыкча төмөн кирешеси бар жарандардын пайдасына кайра бөлүштүрүү мүмкүндүгүнө ээ. Бүгүнкү күндө ири капиталга ээ болгон жана ага ылайык салык төлөө мүмкүнчүлүгү бар жеке жана юридикалык жактардын айрым категориялары бар. Башкача айтканда, жергиликтүү бийликтин органдары тарабынан ушул салыктын эсебинен өз инфратүзүмүн жакшыртууга, өздөрүнүн социалдык программаларын жана өнүктүрүү программаларын каржылоого жана бул каражаттарды коомдук пайдалуу максаттарга жумшоого мүмкүнчүлүк пайда болот.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2014-жылдын 1-январынан тартып салыктарды киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.
I топтогу мүлккө салык коомдун эң бай бөлүгүнө багытталган, мында орто класстагылар деп аталган өкүлдөрүнө тийбестен, салык батирлер үчүн 80 чарчы метрден жогору жана жеке үйлөр үчүн 150 чарчы метрден жогору аянты бар кыймылсыз мүлктүн ээлерине салынат.
Республика боюнча бардыгы болуп I топтогу мүлктүн 1041742 объекти бар, анын ичинен салык салынуучусу - 10158, же 1 пайызга жакын. Бишкек шаарында 184510 мүлк бар, анын ичинен мүлккө салык салынууга тийиштүүсү - 9665 же 5,2 пайыз.