Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 токтому менен бекитилген |
"Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 319 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалпы жоболор
1. Ушул "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) бардык өндүрүлүүчү (даярдалуучу) жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү (импорттолуучу) ветеринардык дары каражаттарына, аларды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, колдонуу жана утилдештирүү (жок кылуу) процесстерине карата милдеттүү талаптарды аныктайт.
Техникалык жөнгө салуу объектилеринин тизмеги Техникалык регламенттин 1-тиркемесинде келтирилген.
2. Жүгүртүүгө түшүүчү ветеринардык дары каражаттары ушул Техникалык регламентке, ошондой эле аракети аларга карата колдонулуучу башка ченемдик укуктук актыларга шайкеш келиши керек. Ошол эле учурда ветеринардык дары каражаттары ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоо жол-жоболорунан өтүүгө тийиш. Бул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келбеген ветеринардык дары каражаттары ушул Техникалык регламентке шайкештик белгиси менен маркаланбашы керек жана базарга жайгаштырууга жол берилбейт.
3. Бул Техникалык регламент мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн ташылып келинүүчү, ошондой эле генетикалык жактан модификацияланган (өзгөртүлгөн) чийки заттардан жасалган ветеринардык дары каражаттарынын тажрыйбалык үлгүлөрүнө таркатылбайт.
4. Ушул Техникалык регламентте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
активдүү фармацевтикалык ингредиент (активдүү субстанция, фармацевтикалык субстанция, аракеттеги зат) - фармакологиялык активдүүлүккө ээ, ветеринардык дары каражаттарын өндүрүү жана даярдоо үчүн арналган жана алардын натыйжалуулугун аныктоочу өсүмдүктөн, жаныбарлардан алынуучу, биотехнологиялык же синтетикалык жол менен алынуучу зат;
дарыкана мекемеси - ветеринардык дарыкана кампалары, дарыканалар, дарыкана пункттары;
ветеринардык дары каражаттарынын, өндүрүш жана колдонуу процесстеринин коопсуздугу - жаныбарларга, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүү мүмкүндүгү менен байланышкан жол берилбей турган тобокелдиктин жоктугу;
биологиялык активдүү заттар - ар түрдүү жол менен алынган, ветеринардык дары каражаттарды алууда мүмкүнчүлүктүү булак болуп саналган зат;
брак продукция - ченемдик документтердин талаптарына шайкеш келбеген туура эмес сактоонун, ташуунун кесепетинен сапатын жоготкон, расмий түрдө сапатсыздыгы аныкталган жана документ түрүндө белгиленген продукция;
балк-продукт - акыркы таңгактоодон башка, дары препараттарын даярдоонун технологиялык процессинин бардык баскычынан өткөн дозаланган дары каражаты: