Редакцияот 11.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 11-сентябры № 510

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-майындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 3-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- 11-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун (мындан ары - "Кыргызгипрозем") кыртыштардын бонитетинин жана чабындылардын түшүмдүүлүгүнүн сапаттык абалын балл менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган жер участогунун күрдүүлүгүнүн төмөндүгү жөнүндө корутундусу.";

- 27-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев