Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген |
Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясына ылайык иштелип чыккан.
2. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - бонитетинин баллы төмөн жана арык, структурасыз топурак кыртыштуу, мелиорациялык жактан жакшыртуу үчүн көп чыгымды талап кылуучу айыл чарба жерлери.
3. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерине төмөнкүдөй жерлер кирет:
- кайрак айдоодо, кысыр аңызда - бонитетинин баллы 20 дан ашык эмес, дан бирдигиңдеги түшүмдүүлүгү 5 ц/га жетпеген, топурак кыртышынын үстүңкү катмары бузулгандыктан деградацияланган, топурагы катуу эрозияланган, абдан туздуу жана шорлуу, абдан саздак, абдан таштак жерлер;
- көп жылдык өсүмдүктөр өскөн жерлерде - бонитетинин баллы 20дан ашык эмес, дан бирдигиндеги түшүмдүүлүгү 5,6 ц/га жетпеген, суу жана сугаруу булагы жок болгондуктан катып калган, абдан туздуу жана шордуу, бадалдуу, абдан таштак, мөмө-жемиш бербеген жерлер;
- чабындыларда - бонитетинин баллы 20 дан ашык эмес, тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү 2,8 ц/га жетпеген, абдан таштак жана саздак, абдан туздуу жана шордуу, узак убакыт бою ашыкча нымдуу шартта болгон жерлер;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүнүн максаты айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылчу жерлердин топурак кыртышын жакшыртууну, түшүмдүүлүгүн арттырууну, жаратылышта экологиялык тең салмакты сактоону көздөйт.
5. Өздөштүрүү объектилери - ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн, мамлекеттик менчикте турган (мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлеринен башкалар) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери болот.
6. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери өздөштүрүүгө иштетилчү мезгилде айыл чарбалык өндүрүш жүргүзүү үчүн 7ден 10 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берилет.
Жер пайдалануучу жер участокту өздөштүрүү боюнча курулуш жана мелиорация жумуштарын долбоордук-сметалык документтердин негизинде жүргүзөт.
7. Өздөштүрүлгөн жер участогу пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин ушул Жобонун талаптарына ылайык менчикке берилсе болот.